Прокуратура органдары мамлекетке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарадагы куттуктоосунда айтты. Мамлекет башчы белгилегендей, прокурорлор мамлекетке келтирилген миллиарддаган зыяндын ордун толтурууга чоң салым кошууда. "Укук коргоо органдарынын ишин координациялоо менен бирге прокуратура кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүп, өлкөдө мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуп, укук тартибин чыңдоо жаатында талыкпастан аракеттенип келе жатат. Ушу тапта прокуратура органдары натыйжалуу иш жүргүзүүдө десек болот. Мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы көзөмөл багытында 20 миңдей укук бузууларды аныктап, аларды калыбына келтирүү боюнча прокурордук чара көрүү актыларын киргизип, жарандарыбыздын укуктарын коргоп, мамлекетке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда", — деген Жапаров. Ошондой эле ал аталган орган түзүлгөндөн баштап эле мыйзамдуулукту камсыздоо, элди укуктук жактан агартуу жаатында өз миссиясын так жана татыктуу алып барып келгенин кошумчалаган.
Министрлер кабинети көмүрдүн экспортуна убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду. Документте көмүрдү ЕАЭБдин аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга тыюу салынганы айтылат. Чечим "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Эркеч-Там" жана "Торугарт" өткөрүү пунктулары аркылуу автомобиль менен ташуусуна тиешелүү эмес. Чектөө алты айга киргизилген.
Быйыл Кыргызстандан жашылчанын бир катар түрү ЕАЭБге гана экспорттолгон Азыктардын бул тобуна сабиз, кызыл кызылча, чамгыр жана башкалар кирет. Статкомдун маалыматы боюнча, январь-сентябрь айларында Россияга — 8 349 тонна, Казакстанга — 324 тонна жашылча сатылган.
Бишкекте мэриянын кызматкерлери менен гараж ээлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Соцтармактарга тараган видеодон гараж ээлери муниципалитеттин кызматкерлерине бензинге окшогон суюктук чачып, "Тазалык" ишканасынын машинесинин терезеси сынганын көрүүгө болот.Мэриядан Псков көчөсү 71, дарегинде уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштери башталганын кабарлашты. Бирок жергиликтүү жашоочулар кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратып, окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатканы айтылды. Ошондой эле объектилерди бузуу мыйзамдуу экени кошумчаланды.
Россия орто аралыкка атылуучу ракеталары сынала турганынан кимдир бирөөнү маалымдар кылууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. "Россия андай милдет алган эмес, анткени кеп орто аралыкка атылуучу ракета тууралуу сөз болуп жатат", — деген Кремлдин өкүлү. Бейшемби күнү Россия президенти Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшү тууралуу билдирүү жасап, орто аралыкка атыла турган "Орешник" ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн кабарлаган.