Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда 25-ноябрдан тарта мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссия алуу токтотулат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, комиссиядан бошотуу 2024-жылдын 25-ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. - Комиссия алууга тыюу салуу жеке адамдар тарабынан банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн которууларга тиешелүү. Ал эми төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө комиссия алууга тыюу салынбайт. - Комиссия алууга тыюу салуу Кыргызстандын ичинде сом менен акча которууларга, анын ичинде Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан чыгарылган эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарына которууларга да тиешелүү. - Комиссия алууга тыюу салуу улуттук валютадагы акча которууларга гана тиешелүү. Ал эми чет элдик валютадагы акча которууларга жайылбайт.
Тамчыдагы аэропорттун маңдайына беш жылдыздуу 7 мейманкана курулат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирген. Ал белгилегендей, 96 гектар жер жеке курулуш компанияларына ижарага берилген. «Авангард», «Кыргызкурулуш», «Елизавета» жана башка курулуш компанияларына 10 гектардан берилди. Курулушка жалпысынан 7 ишкана тартылган. Аларга 5 жылдыздуу мейманканаларды куруу шарты коюлду. Учурда иштер жүрүп жатат», — деп кошумчалады ал.Туманбаев ошондой эле долбоорлорду курулуш компаниялары өздөрү сунушташканын айтты.
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандан жашылчанын бир катар түрү Казакстан менен Россияга гана экспорттолгон.Ага ылайык, сабиз, кызыл кызылча, чамгыр жана башка азыктар жөнөтүлгөн. Башкармалыктын маалыматы боюнча, январь-сентябрь айларында бул жашылчалардын дээрлик 8,7 миң тоннасы чет өлкөлөргө сатылган. Анын ичинен Россия — 8 349,1 тонна; Казакстан — 324,4 тонна сатып алган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде Россия менен Казакстандан тышкары Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинага да экспорттолгон.
Бишкек шаарында унаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу текшерилди. Муниципалитепттен билдиришкендей, унаалар мэриянын муниципалдык инспекциясы, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан текшерилип, жыйынтыгында эки унаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугунун деңгээли жогору экени аныкталган. Айдоочуларга 30 миң 500 сом айып салынды. Мындан тышкары, ар бир айдоочу менен жолго чыгардын алдында унааны текшерүү жана бузулган учурда өз убагында оңдоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.