Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: АКШ 2025-жылы Украинага аскердик операциялар үчүн курал-жарак берет

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жо Байдендин администрациясы Украинага делген жардамдын калган бөлүгүн Дональд Трамптын инаугурациясына чейин жеткирүүгө шашып жатат. Ал муну менен согуштун 2025-жылы да уланышын камсыздай турганын Россиянын ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
“Пентагон АКШ президентинин инаугурациясына чейин америкалык аскердик жардамдын калган бөлүгүн Киев режимине берип бүтүүгө шашып жатат. Көлөмү күн сайын укмуштуудай көбөйүүдө”, — деп билдирди Мария Захарова.
Анын айтымында, Вашингтон “согуш аракеттерин быйыл эле эмес, кийинки жылы да улантуу үчүн” болгон күчүн жумшап жатат.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Байден Украинага жөө аскерлерге каршы мина берүүгө уруксат кылды