Быйыл Кыргызстандан ЕАЭБге гана экспорттолгон жашылчанын түрлөрү

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандан жашылчанын бир катар түрү Казакстан менен Россияга гана экспорттолгон (экөө тең ЕАЭБге мүчө).
Кеп продукциянын 0706 номенклатурасы жөнүндө болуп жатат. Азыктардын бул тобуна сабиз, кызыл кызылча, чамгыр жана башкалар кирет.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, январь-сентябрь айларында бул жашылчалардын дээрлик 8,7 миң тоннасы чет өлкөлөргө сатылган.
Сатып алган өлкөлөр:
Россия — 8 349,1 тонна;
Казакстан — 324,4 тонна.
Өткөн жылдын ушул мезгилинде Россия менен Казакстандан тышкары Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинага да экспорттолгон.
ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз быштагы менен сүтүн көп сатып алышат