Кожошев: ЕАЭБ менен КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы — инфраструктурасынын бирдейлиги

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ менен КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы — алардын инфраструктурасынын бирдейлиги. Бул туурасында Евразиялык экономикалык биримдиктин инфраструктура жана энергетика боюнча боюнча министри Арзыбек Кожошев КМШ өлкөлөрүнүн Координациялык транспорттук жыйынында билдирди.
Иш-чара Москвада "Россиянын транспорту" деп аталган эл аралык форумдун алкагында өткөн.
Кожошевдин айтымында, ЕАЭБдин биринчи иреттеги милдети — автономдуу кызматтык инфраструктура менен технологиянын негизинде транспорттук байланыштарды бирдейлештирүү. Аларга тездик, коопсуздук, экономикалык натыйжалуулук жана туруктуулук кирет.
Бул ЕАЭБдин алкагында транспорттук интеграцияны тереңдетүүгө жана мүчө өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
"ЕАЭБ менен КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы — алардын инфраструктурасынын бирдейлиги, тажрыйба жана кызматташуунун калыптанып калган эрежелери. Булардын баары транзиттик жаңы коридорлорду калыптандырып, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн ири рыногуна чыгууну шарттайт", — деп белгилеген ЕЭК министри Кожошев.
Москвада КМШдагы эл аралык коридорлорду жандандыруунун маанилүүлүгү айтылды