2013-жылдын 21-ноябры Украина үчүн калабалуу күндөр коштогон мезгилдин келиши болду. Тагыраагы, мамлекеттик төңкөрүш — Евромайдан башталды.
Европага болгон кандуу жол анча көп эмес студенттердин ЕБ менен бириге турган иштердин токтошуна каршы нааразылыкка чыгышы менен салынган.
Бир нече күндүн ичинде оңчул радикалдарга ыктаган топ чакан митингди калайманга айландырып, массалык башаламандык жаралып, андан соң өзүнө окшогондорду ошондой эле күч колдонгон жол менен бийликке алып келишти.
Учурда Украина ошондо айтылган "бакубат жана телегейи тегиз европалык үй-бүлөгө" кошула албай, азабын жеп отурат. Киевдин аймагын куралга шыкаган "санаалаш достору" Украинаны ЕБ менен НАТОго киргизебиз деп тил эмизип келе жатат.
Тема боюнча: