Ташиев анын атын жамынып 250 миң доллар пара алган саясатчы тууралуу айтты

УКМК төрагасы ушу тапта криминалга жана коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга кирчү өзгөртүүлөр толукталып жатканын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев анын атын жамынып 250 миң доллар пара алган экс-элчини кармоого буйрук бергенин маалымат жыйын учурунда айтты.
Атайын кызматтын башчысы мамлекеттин, элдин байлыгына кол салып зыян келтиргендер жазасыз калбай турганын белгиледи.

"Президенттин жакыныбы, менин жакынымбы, же чоң мамлекеттик кызматта иштеген алам болобу, эч кимге аео болбойт. Бүгүн чоң эле саясатчыны, ири өлкөлөрдүн биринде иштеп жүргөн элчини менин атымды сатып 250 миң доллар пара алганы үчүн кармоого буйрук бердим. Далилдер түштү", — деди Ташиев.

УКМК төрагасы ушу тапта криминалга жана коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга кирчү өзгөртүүлөр толукталып жатканын кошумчалады. Ага ылайык, коррупциялык иштерге катышып колго түшкөндөр сөзсүз абакка киргизилмекчи. Ташиевдин айтымында, эгер мыйзам кабыл алынып калса азыркыдай болуп күнөөлүүлөр айып пул катары миллион-миллиарддарды төлөп кутулуп кете албайт.
"Акчасын да алып коебуз, түрмөгө да камайбыз", — деди УКМК төрагасы.
Ташиев ушундай жол менен гана коррупцияга каршы күрөш аягына чыгарын белгиледи.
Гонорар, буюртма, таасирдүү алты киши... Ташиевге келген каттын мазмуну