Бишкекте 366 млн. сомдук бала бакчанын имараты өкмөткө кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Жумушчулар шаарчасы аймагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакчанын имараты жакында мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.
Курулуштун 0,29 гектар жери да болгон.
Имараттын мурда "Кыргыз темир" ишканасына караштуу болгону жана менчиктештирүү программасынын шарттарын бузуу менен Б.Г.Ш. аттуу жаранга мыйзамсыз берилип кеткени айтылды.
"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурдагы кожоюну бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, болжолдуу наркы 366 миллион 185 миң сомдук объектини (жанаша аймагын кошуп) өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди", — деп билдиришти аталган комитеттен.
Бишкектин Чыгыш-5 районундагы бала бакча мамлекетке кайтарылды