Кыргызстан өзүн жумуртка менен толук камсыздоого жетишти

Ал эми тоок этине болгон муктаждык 35-40 пайызга камсыздалган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстан быйыл өзүн жумуртка менен толук камсыздоого жетишти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматта аталган министрлик Канаттуулар ассоциациясы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койгону айтылат. Канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө карата мамилени жөнгө салган документ фермерлерди колдоого багытталган.
"2024-жылы Кыргызстан тоок жумурткасы менен өзүн-өзү толук камсыздоого жетишип, канаттуулар тармагында жылыштар болду. Ал эми тоок этине болгон муктаждык 35-40 пайызга камсыздалган. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Дыйкан-фермерлерди колдоого багытталган агроөнөр жай комплексине (КАПК) насыя берилип, мындан тышкары, Балыкчыда РКӨФ колдоосу менен канаттуулар фабрикасынын кошумча линиясын ишке киргизүү пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.
Аталган демилгелер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганы, бул Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизери белгиленген.
Быйыл Кыргызстандан ЕАЭБге гана экспорттолгон жашылчанын түрлөрү