БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын биринчи объектилери эксплуатацияга берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда республика боюнча курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин саны 42 миңге чейин жетет. Алгач 2200гө жакын үй-бүлө батир менен камсыздалат. Баалары рынокко жараша коюлууда. Республика боюнча кезекте тургандардын саны 38 миңге жетет.
"Мугалимдерге, чыгармачыл адамдарга жана дарыгерлерге батир кайсы гана даректе жайгашпасын чарчы метри 650-750 доллардан 25 жылга берилет. Бирок батирлердин баасында жайгашкан жерине карап 150-200 доллар айырма болушу мүмкүн. Үйлөр Сауд Арабиядан насыяга алынган 100 миллион доллардын эсебинен курулат", — деди ал.
Туманбаев кезектин тизмесин эч ким өзгөртө албай турганын кошумчалады.