Туманбаев: кыргызстандык курулушчулардын көбү объектини өз учурунда бүтүрбөйт

Ушундай көйгөйдөн улам чет өлкөдөн 2000 жумушчу алып келингенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания курулушчуларды, жумушчуларды табууда кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, компания кыргызстандыктарга жумуш берүүгө болгон аракетин жумшайт, бирок алар курулушту бүтүрүүнү убадалаганы менен айтылган мөөнөттө жумуш бүтпөйт.
"Бизде той көп экен, анан эле чөп чабык башталат. Ошентип жатып айтылган мөөнөттө объект бүтпөйт. Жумушчуларынын курамы да кайра-кайра алмаша берет. Акчасын төлөп, өздөрү убактысын белгилешсе деле бүтүшпөйт экен. Мына ушул имаратты ("Ынтымак ордо" – ред.) куруп жатканда дагы маселе жаралып, 2000 чет өлкөлүктү алып келип ишке салдык. Мен азыр ушундай чечим кабыл алганыма өкүнбөйм. Алардын бир жакшы жери – иштеген жерден чыгышпайт, ушул жерде жатып, ушул жерде иштешет. Учурда эми алар стадионду эле куруп жатышат, башка жактарга өзүбүздүн жарандарды иштеткенге аракет кылабыз", — деди Туманбаев.
Мындан тышкары, президенттин иш башкаруучусу курулуштарга негизинен өлкөдө чыгарылган курулуш каражаттары пайдаланылып жатканын билдирди. Айтымында, арматура Россиядан алып келинет, башка көп каражат Кыргызстандан чыгат.
Туманбаев цемент, кыш, газоблок, лифт, базальт, үйдүн сыртына зарыл каражаттар, кафель Кыргызстандагы ишканалардан алынарын кошумчалады.
Туманбаев: бир нече компаниянын миңден ашык батири мамлекетке өткөрүлдү