БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри менен мурдагы коргоо министрин камакка алуу үчүн ордер бергенин РИА Новости жазды.
Биньямин Нетаньяху менен Йоав Галлант Газадагы аскердик кылмыштарга айыпталууда.
Премьердин кеңсеси мындай чечим Израилди изоляцияда калтырып, еврей мамлекетине каршы “террордук чабуулдарга” шарт түзүп берерин билдирди.
Ал эми Палестина болсо муну эл аралык укукка болгон үмүт менен ишенимдин кайрадан пайда болушунан кабар берет деп эсептей турганын WAFA агенттиги жазды.