Депутат Бишкекте көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады

Эл өкүлү чектөөнү эки жылдан кийин киргизүү туура болорун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Депутат Элдар Абакиров Бишкекте көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады.
Парламенттин жыйынында эл өкүлү ыш маселесин көтөрүп, тыюу салуу абаны тазалоонун жалгыз жолу экенин айткан.
"Шаардын четинде от жагылган жердин баарында дем алыш кыйын болуп калды. Ден соолугубузга терс таасир берип жатат. Өткөндө "Кыргыз газдын" өкүлү 2026-жылга чейин Бишкекти толугу менен газга өткөрөбүз деген. Демек эки жылда толугу менен өткөзүп, андан кийин көмүр, башка нерсени жакканга тыюу салууну сунуштайм. Ошол жол менен гана абаны тазалай алабыз", — деди эл өкүлү.
Радио
Абдумалик уулу: абаны булгагандарга 2,6 млн. сом айып салынды