БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. АКШ Украинага миллиарддаган аскердик жардамды өзүнүн арсеналын модернизациялоо үчүн пайдаланууда. Киевге ATACMS ракеталарынын жарактуу мөөнөтү кийинки жылы аягына чыга тургандары жөнөтүлүп жатат. Мындай жыйынтыкка РИА Новости америкалык аскердик бюджетти анализдөөдөн кийин келген.
Талдоонун жыйынтыгы ATACMS ракеталары АКШ арсеналындагы эски техника экенин көрсөткөн, алардын Киевге жөнөтүлүшү Вашингтонго өз арсеналын жаңылап алууга мүмкүнчүлүк берет. Курал-жарактын көбүнүн мөөнөтү жакын арада бүтө тургандыктан мындай кадам Пентагондун жүгүн кыйла жеңилдетери айтылган.
Украинага аскердик жардамдын жөнөтүлүп жатканын мониторингдөө үчүн түзүлгөн Ukraine Oversight сайты 2022-жылдын февралынан тарта АКШ Конгресси президенттик ыйгарым укуктун алкагында курал-жарак жөнөтүүнүн чегин 33,3 миллиард долларга чейин көбөйткөн. Ошол эле учурда Пентагон арсеналын толуктоо үчүн кошумча 45,8 миллирд доллар алган. Мындай жагдай Украинага берилген курал-жарактын көлөмүн да, баасын да кыйла жогорулаткан.
"Украинага коопсуздук жаатында жардам демилгеси аркылуу (USAI) кошумча 32,7 миллиард доллар бөлүнгөн. Каражат эл аралык рынокто курал-жарак сатып алууга жумшалышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Макалада Америка бийлиги жаңы шайланган президент Дональд Трамп кызматына киришкиче, башкача айтканда, 2025-жылдын 20-январына чейин калган 5,5 миллиард долларлык жардамды берип бүтүүгө аракет кылып жатканы жазылат. Буга чейин Трамп Ак үйгө келгенден кийин колдоо көрсөтүүнүн азыркы механизмдерин кайрадан карап чыгарын билдирген. Бул Вашингтон менен Киевдин мамилесин өзгөртүп жибериши ыктымал.
Өткөн жекшемби күнү New York Times америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен АКШ президенти Жо Байден Украинага Россиянын тереңине ыраакка атылуучу ракеталар менен сокку урууга уруксат бергенин жазып чыккан.
Шейшемби күнү РФ Коргоо министрлиги Украина Куралдуу күчтөрү ATACMS ракеталары менен Брянск облусуна алты ирет сокку урганын, анын бешөө атып түшүрүлүп, бирөө жарактан чыгарылганын билдирген.
Ал арада Россия президенти Владимир Путин жаңыланган өзөктүк доктринаны бекитти. Документте Россия өзүнө жана союздаштарына каршы массалык жок кылуучу курал пайдаланылса өзөктүк курал колдонуу укугун сактап калары айтылган. Мындан тышкары, Москвага жана анын союздаштарына каршы өзөктүк куралы жок мамлекет өзөктүк куралга ээлик кылган өлкөнүн колдоосу менен агрессиясын көрсөтсө биргелешкен кол салуу болуп саналмакчы.
Буга чейин РФ президенти НАТО өлкөлөрү Украинанын ыраакка атылуучу курал колдонуусун эле талкуулабастан, жаңжалга түз аралашууну чечип жатканын да билдирген. Мындан тышкары, Батыштын Украина чырына түз катышуусу Россия менен согушуп жатканын түшүндүрөрүн, Москва шарт-жагдайга жараша жооп берерин айткан.