22-ноябрга карата аба ырайы

22-ноябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жума күнү республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаап, айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +1…+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6, Нарын жергесинде -3...+2 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +12…+14 градуска көтөрүлөт.
Декабрда аба ырайы кандай болору айтылды