Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?

Sputnik
Кыргызстан кен казуу тармагына акыркы кезде абдан көңүл бурулуп жатат. Мунун катарында “Кумтөр” алтын кени өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келет. Муну менен катар Кызыл-Омпол — кендердин уникалдуу комплекси. Геологиялык-экономикалык мүмкүнчүлүгү боюнча уникалдуу бул объект Кумтөр долбоорунан кем болбойт деп күтүп жатканын программанын мейманы Нарынбек Сатыбалдиев билдирди. Кумтөр кенинин ишинде эмне өзгөрөт, бийлик Кызыл-Омпол кенин жеке компанияларды катыштырбай кантип иштетүүнү көздөп жатат, Кыргызстандын тоо-кен тармагында кандай өзгөрүүлөр болот, Кытайлар менен биргеликте титанмагнетит кенин казуу иши тууралуу, 5000 кен казуучу жерлердин канчасы иштеп жатат, кадр маселеси кандай бизде, иликтөө иштери, экология маселеси кандай дыкат көзөмөлгө алынабы, лицензия берүү өңдүү бир катар суроолорду узатып, жооп алдык.