Президент Садыр Жапаров "1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат кызматы кабарлады. Мыйзам 23-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Маалыматта мыйзамдын максаты дүйнөлүк маанидеги маданий дөөлөттөрдү сактоо жана коргоо, жок кылууну болтурбоо жана уурдоого каршы күрөшүү, ошондой эле дүйнөлүк маданий баалуулуктарды коргоо боюнча интеграциялык процесстерге колдоо көрсөткөн өлкө катары Кыргызстандын эл аралык имиджин түзүү болуп саналары айтылат.
Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште оң рулдуу унааларды такси катары айдоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 1-окуудан өттү. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, ИИМдин өкүлү баяндама жасады. Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда, 1998-жылы кабыл алынган “Транспорт жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилиши керек. ИИМ оң рулдуу автоунаалар жол кырсыгына көп кабылып жаткандыктан мындай машинелерди такси катары айдоого тыюу салынарын билдирди.
Евразиялык экономикалык биримдик менен КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы — алардын инфраструктурасынын бирдейлиги. Бул туурасында Евразиялык экономикалык биримдиктин инфраструктура жана энергетика боюнча боюнча министри Арзыбек Кожошев КМШ өлкөлөрүнүн Координациялык транспорттук жыйынында билдирди. Иш-чара Москвада "Россиянын транспорту" деп аталган эл аралык форумдун алкагында өткөн. Кожошевдин айтымында, ЕАЭБдин биринчи иреттеги милдети — автономдуу кызматтык инфраструктура менен технологиянын негизинде транспорттук байланыштарды бирдейлештирүү. Аларга тездик, коопсуздук, экономикалык натыйжалуулук жана туруктуулук кирет.
Борбор калаадагы Жумушчулар шаарчасы аймагында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакчанын имараты жакында мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты. Курулуштун 29 сотых жери да болгон. Имараттын мурда "Кыргыз темир" ишканасына караштуу болгону жана менчиктештирүү программасынын шарттарын бузуу менен мыйзамсыз берилип кеткени айтылды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурдагы кожоюну бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, болжолдуу наркы 366 миллион 185 миң сомдук объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып бергени кошумчаланды.
Бишкек – Ош унаа жолундагы «Арал» жана «Сосновка» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн саат 08:30да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, кечээ, 20-ноябрда кечке маал Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында убактылуу жабылган.