БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Камчыбек Ташиевге кол салууну пландаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын УКМКдан билдиришти.
Руслан Бостери каймана аты менен таанылган 41 жаштагы Руслан Дүйшеев Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көлдөгү Бостери айылын "кармаганы" айтылды. Ал буга чейин каракчылык, адам өлтүрүү кылмыштары үчүн соттолгон.
"Дүйшеев издөөдө жүргөн учурунда УКМКнын жетекчилигине кол салууну пландаштырып жүргөнү маалым болду", — дешти атайын кызматтан.
Уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деп айыпталып, Токтогул районунда колго түшүрүлгөн шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү изделүүдө.