БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жылдын мугалими аталган Назгүл Каныбековага батирдин сертификатын тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров бүгүн мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлаган. Каныбековадан тышкары дагы 13 мугалимге акчалай сертификаттар тапшырылды.
Президент мамлекеттик саясаттын негизги максаты мектептик билим берүүнү эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу экенин белгиледи.