Президент Жапаров мугалимди басмырлаган аял боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектин №57 мектебинде окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чатак боюнча үн катты.
Өлкө башчы бүгүн, 20-ноябрда, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурстун жыйынтыгы менен сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында сүйлөдү. Ал окуучунун апасы мугалимди тилдеген окуяны көрүп абдан капа болгонун билдирди.
"45 мүнөттүк сабакты ата-эне, директор эмес, керек болсо министрдин да токтотууга укугу жок. Ал эми жогорудагы окуяда сабак үзгүлтүккө учураганы аз келгенсип, мугалим деген улук аттын кадыр-баркы тебеленип, мугалим болом деген канча окуучунун шагы сынганы көрүнүп турат. Мындай түркөйлүккө эч жерде жол берилбеши керек", — деди президент.
Эскерте кетсек, мектепте окуучунун энеси чатак чыгарып, мугалимди келекелеген видео тараган. Анда окуучулардын бирөөсүнүн энеси окуучулардын көзүнчө мугалимди басмырлаганын угууга болот. Бул боюнча билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева да үн катып, окуучунун апасын сындаган.
Мугалим мектепте сабак берүү учурунда. Архив
Жалкоолордон арылабыз. Бийлик мугалимдердин билим берүү сапатына көңүл бурат