Нюрнберг Адольф Гитлердин саясий биримдигинин — Улуттук социалисттик немецтик жумушчулар партиясындагылардын чогула турган сүйүктүү жайы болгон. 1935-жылы ошол жерде фашисттик расалык теорияны чагылдырган "Нюрнберг мыйзамдарын" — жарандык рейх менен немец ар-намысын, немец канын коргоп, сактап калабыз деген мыйзам кабыл алышкан.
Бирок 1945-жылы Нюрнбергди трибунал үчүн символикалык ишарат катары тандашкан эмес. Бомбалоодон кийин шаардын бардыгы урандыга айланса да, алардын ичинен Юстиция сарайы түрмөсү менен эмнегедир аман калган.
24 кылмышкер сот алдында жооп берген, анын ичинде фашисттик Германиянын жогорку жетекчилиги да болгон.
"Балким, кимдир бирөөлөр үчүн гитлердик башчылардын кылмыштары жазылган документтер сандар менен тизмеленген жөн гана кагаздыр. Биз, совет эли үчүн бул — кансыраткан согуш, жакындарыбыздын томпойгон мүрзөсү жана майып болуп кыйналгандардын жанды жеген азабы", — деген айып тагуу жараянынын жыйынтыгында сүйлөгөн СССРдин прокурору Роман Руденко.
12 адамга чыккан өлүм жазасы соттолгондорду асуу менен аткарылган. Алар: Геринг, Риббентроп, Кейтель, Розенберг, Франк, Фрик, Кальтенбруннер, Штрейхер, Йодль, Заукель, Зейсс-Инкварт жана Борман (сыртынан) аттуу кишилер болгон.
Гесс, Функ, Редер түрмөгө өмүр бою кесилген.
Ширах, Шпеер 20 жылга, Нейрат 15 жылга, Дениц 10 жылга камакта калтырылсын деген чечим чыккан.
Шахт, Папен жана Фриче аттуу кишилер акталган.