БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Азыр өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту. Мындай пикирин билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйынында айтты.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган бул иш-чара "Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү" деп аталды.
"Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтарына таянсак, жакынкы мезгилдерде 57 кесип өзгөрөт. Өмүр бою бир кесипте иштөө деген түшүнүк өзүнүн актуалдуулугун жоготту", — деди министр айым.
Ал учурда жасалма интеллект адамдардын ордуна иштээрин айтты.