БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы музыкалык аспап — орган 9 миллион сомго калыбына келтирилди. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Бул аспап маданий жашоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Бүгүн анын презентациясы болду.
"Органды калыбына келтирүү жана ремонттоо иштери Москвадан келген жогорку квалификациялуу адистер тарабынан жүргүзүлдү. Презентациянын жүрүшүндө адистер жаңыртылган органда музыкалык чыгармаларды аткарып, анын өзгөчө үнү менен тааныштырышты", — деп айтылат маалыматта.
Министр Алтынбек Максутов аспапты концерттик жана билим берүү программаларында активдүү пайдалануу боюнча сунуштарды берди.
"Орган биздин музыкалык маданиятыбыздын жана тарыхыбыздын символу болуп саналат. Аспаптын уникалдуу үнүн сактап калуу менен катар классикалык музыканы өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатабыз", — деди министр.
Улуттук филармониянын органы мындан жарым кылым мурун орнотулган жана көп жылдар бою концерттик программалардын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Аны калыбына келтирүү филармониянын репертуарын кеңейтүүгө, уникалдуу органдык концерттерди кайра жандандырууга жана классикалык музыкага болгон кызыгууну арттырууга шарт түзөт.