Билим берүү министри Борбор Азия өлкөлөрү тездик менен өнүгүп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрү учурда тездик менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбева Борбор Азиядагы жогорку окуу жайларынын ректорлору чогулган жыйында айтты.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналып "Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү" деп аталган иш-чара Бишкекте өтүп жатат.
"Биз, Борбор Азия мамлекеттери, өтө тездик менен өнүгүп жатабыз. Башкы ресурсубуз — бул адамдар. Кыргызстандын Конституциясында да өлкөнүн башкы байлыгы анын эли деп жазылган. Биз жоопкерчиликтүү, улуттук иденттүүлүгү калыбындагы адамдарды даярдашыбыз керек. Адамдардын аракетинен бир да эл, бир да улут, экология жабыр тартпашы кажет", — деди Кендирбаева.
Министр региондогу мамлекеттер сапаттуу адам капиталын өнүктүрүү үчүн биргеликте иштеши керектигин белгиледи.
Бишкекте адистигин тастыктап, сертификат берген борбор ачылды