Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ректорлору Бишкекте чогулду. Форумдун видеосу

Иш-чара "Глобалдуу маселелер маалында Борбор Азия университеттеринин өзгөрүшү" деген аталыш менен өтүп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.
Sputnik
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева форумга региондогу мамлекеттерден 57 өкүл катышканын билдирди.
Келген коноктор билим берүүнү, илимди жана бизнести интеграциялоо, өнөктөштүктү илгерилетүү сыяктуу бир катар маселелерди талкуулашкан.
Тема боюнча:
Билим берүү министри Борбор Азия өлкөлөрү тездик менен өнүгүп жатканын айтты