Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев борбор бөйрөк жана боор ооруларын диагностикалоо жана дарылоону жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи. Ошондой эле бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртарын кошумчалады.
“Жалпы наркы 446,6 миллион сомду түзгөн борбор толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, гемодиализ, органдарды трансплантациялоо жана адистештирилген реабилитацияны талап кылган бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтөт”, — деп айтылат маалыматта.
Мекеменин түзүмүндө нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантология бөлүмдөрү, ошондой эле генетикалык жана биохимиялык изилдөө лабораториясы болот.
Пресс-борбор
Россия Кыргызстанга органдарды трансплантациялоо боюнча кантип жардам берет