Нарышкин: Батыш Россия менен "алакалашууда" токтоолук керектигин түшүнө баштады

Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Батыштын аскердик-саясий элитасы аны жок кыла турган куралдуу каршылашууга кептелбеши үчүн Россия менен иш алып барууда токтоо болуу керектигин түшүнө баштады. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Батыштын аскердик-саясий элитасында Россиянын айткан-дегенине олуттуу мамиле жана токтоолук керектигин аңдай башташты. Россия менен түз каршылашууга баруунун кесепети алар үчүн өтө оор болушу мүмкүн", — деген ал.
Нарышкиндин айтымында, батыш элитасы "акылынан айныган эмес", мында "өзүн Батышта канчалаган мезгилден бери башкаруучу класс деп эсептеп келген бюрократиялык катмар кесиптик деградацияга тушукту".
"Европанын алдыңкы мамлекеттеринин улам алмашкан президенттери, премьерлери жана канцлерлери глобалисттик капиталдын кызыкчылыгын гана ойлоп келишет", — деди кызматтын жетекчиси.
Ал мындай кызыкчылыктар жыл өткөн сайын мамлекеттин байгерчилигинен жана калктын муктаждыгынан алыстап кетип жатканын белгилеген. "Мисалы, орто статистикалык европалык шайлоочуга жакыр жашасаң да экологияны сакташы керектигин, толеранттуу болуп жумуш ордуңду мигрантка бериши керектигин, өзү барып Донбасста Украина үчүн өлүшү керектигин түшүндүрүү керек. Бул саясий спектаклге акылы кемдер же шылуундар гана барат", — деди Нарышкин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: ATACMS менен Брянскиге сокку уруу АКШнын абалды курчутуу ниетин билдирет