2027-жылдан тарта айылдарга, жайлоого кеткен жолдорго асфальт төшөлөт

Жол фонду 2021-жылы декабрда түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. 2027-жылдан тарта бардык айылдарга, жайлоолорго кеткен жолдорго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин "Жол фонду жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралган жыйынында билдирди.
Анын айтымында, каражат Жол фондуна түшкөн жыйымдардан алынат.
"Бюджеттен акча бөлүнбөйт, Жол фондунан гана алынат. Кечээ бул тууралуу президент менен сүйлөштүк", — деди Шакиев.
Ал ошондой эле 15-20-декабрда транспорт тармагында иштей турган 1 250 даана атайын техника алып келинерин кошумчалады. Алардын 750сү Жол фондуна түшкөн каражаттын эсебинен алынган.
Жыйында транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев былтыр Жол фондуна 4,5 миллиард сом түшкөнүн, быйыл 5 миллиард сомдон ашары күтүлүп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, Жол фонду 2021-жылы декабрда түзүлгөн. Сунушталып жаткан азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, айдоочу майдын ар бир литрине кошумча 1 сомдон төлөшү керек болот. Ал акча жол оңдоого кетет. Базаралиевдин айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынып калса Жол фондунун бюджети 7 миллиард сомго көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Кийинки жылы Бишкекте жети көчө оңдолуп, үч жаңы жол салынат