Бишкекте ыш көйгөйү төрт мезгилде тең бар. Бул тууралуу Чыңгызбек Абдумалик уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, абаны булгагандарга быйыл жалпы 2 миллион 619 миң айып салынган.
"Абанын булганышы күз-кыш мезгилинде эле эмес, жыл бою катталат. Ыш — төрт мезгилдин тең көйгөйү. Мындан улам биздин кызматкерлер тынбай иш жүргүзүшөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен алдын алуу иштерин алып барышат. Мончолорду кыдырабыз. Пландык рейддер жүрөт. Мыйзам бузуу аныкталганда 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат. Биздин кызматкерлер арыздын негизинде текшерүүлөрдү жүргүзөт. Быйыл 122 мекеме текшерилип, жыйынтыгында 1 миллион 857 миң сом айып салынды. Муну менен катар ЖКККББнын кызматкерлери менен бирге унааларды текшерип турабыз. Быйыл атайын каражаттын жардамы менен 1500 унаа текшерилди. Жыйынтыгында талапка жооп бербеген унаалардын айдоочуларына жалпы 762 миң сом айып салынды", — деди Абдумалик уулу.
Ошондой эле ал мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер так сакталса ыш көйгөйү өзү эле жоголорун кошумчалады.