Кыргызда өкүл ата, өкүл апа институту кантип пайда болгон? Эмне милдет аткарган? Азыркы учурда түпкүлүгүндөгү эрежелери сакталуудабы? Негизи эле кааада-салт да жаңылып, жаңырып, өзгөрүп турушу керекпи? Бул суроолор коомчулукта дембе-дем узатылып жүрөт. Бирөө билип айтса, бирөө болжолдоп айтып, айтор эл арасында ар кандай божомолдор бар.
Биз бүгүнкү “Кеменгер” программасында жогорудагы суроолорго этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыповдон жооп алдык.