2023-жылы Кыргызстандын өкмөтү башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн бюджетти күнүнө бир окуучуга 7 сомдон 14 сомго чейин жогорулаткан. Бул сумма Бишкек шаарында мэрия бюджетинин эсебинен 22 сомду, ал эми Ош шаарында мэрия бюджетинин эсебинен 15 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө республиканын мектептеринин 98 пайызында окучууларга ысык тамак берилет. Ошондой эле 150дөн ашык тамактын түрлөрүн камтыган мектеп окуучулары үчүн “Рецептер китеби” иштелип чыкты.
Ал тургай алыскы райондордогу мектептердин ашканаларында тамакты заманбап жабдыктар менен даярдашып, мектеп ашпозчулары дайыма адистигин жогорулатып келишерин “Ачык кеп” программасынын алкагында адистерден жооп ала алдык.