Кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетти - Кыргызстан ЕАЭБ аймагына кумшекер экспортогон өлкө боло алабы?

Sputnik
Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү мол болуп, рекорддук көрөткүчтөгү түшүм жыйналуусу күтүлүүдө. Айыл чарба министрлиги буга жагымдуу аба-ырайы, айыл чарбасындагы ресурстарды туура пайдалануу жана фермерлердин аракети себепкерлигин кабарлады. Бүгүнкү “Күн башат” программасынын алкагында Кыргызстанда кант кызылчасын эгүү, аны кайра иштетүү тууралуу маек курдук.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүктөрдү өстүрүү жана багбанчылык чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүн жооптуу адиси Жигиталы Жумалиев, «Кайыӊды-Кант» ААКтын башкы директорунун орун басары Таалайбек Сыдыков жана дыйкан Таалайбек Туйбаев жооп берди.