Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Россиянын аймагына ATACMS менен алгачкы соккусун урду

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Брянск облусундагы объектиге түн ичинде алты ATACMS ракетасы менен чабуул жасады. Бул тууралуу РИА Новости РФ Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.
"Бүгүн түнкү саат 3:25те Брянск облусундагы объектиге алты баллистикалык ракета менен сокку урулду. Такталган маалыматтарга караганда, Америкада жасалган ATACMS оперативдүү-тактикалык ракеталары колдонулган", — деп айтылат ведомствонун маалыматында.
ЗРС С-400 жана ЗРПК "Панцирь" абадан коргонуу системасынын экипаждары беш ракетаны атып түшүрүп, алтынчы ракетасын жабыркатышкан. Аскердик объектинин техникалык аймагына снаряддын сыныктары түшүп, өрт чыккан. Жалын тез арада өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Путин өзөктүк куралды ооздуктоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин бекитти