Трамп — өндүрүшчүлөрдү колдогон саясатчы. Ал өлкөсүндө кайрадан ушул тармактын өнүгүшүн колго алуу керектигин, Кытай менен болгон өндүрүштүк атаандаштыкта Америка озуп чыгышы зарылдыгын айтып келет. Бул саясатынын аркасы менен өлкөнүн сырткы карызын азайтуу максатталган, демек, доллар арзандашы мүмкүн. Мындай пикири менен Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, Трамп Россия менен Американын ортосунда негизинен идеологиялык гана тиреш болуп жатканын жакшы түшүнөт да, РФ менен мамилесин жакшыртканга аракет кылат.
"АКШнын экономикасы келген президентинен көз каранды. Трамптын бийликке келиши менен Америка өндүрүш тармагындагы мурдагы күчүн калыбына келтирүүгө далалаттанат. Ошондой эле өлкөнүн сырткы карызы көбөйүп кетти. Өндүрүшүн өстүргүсү келген мамлекет үчүн валютасынын кымбат болгону ыңгайлуу эмес. Андыктан Америка эми доллардын кунун түшүрүшү ыктымал. Албетте, андай учурда элдик толкундоолор күтүлөт деген да серепчилер бар. Трамп эми негизги күчүн Кытай менен атаандашууга жумшап, Россия менен болгон тирешин токтотконго дилгирленет. Израиль, Украина бардык тараптарды колдой бергенге АКШнын учурда чамасы чектелүү. Трамп андан көрө узак мөөнөттүү пландарды коюп, Кытай менен болгон өндүрүштүк атаандаштыкта жеңип чыгууну көздөйт", — деди Мамытов.
Ал АКШнын жаңы шайланган президенти керек болсо НАТОдон чыгарын жар салып, азыртадан эле Россия менен достошууга кадам таштай баштаганын кошумчалады.