БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. "Социалдык келишим" программасынын катышуучулары бизнес-долбоорлорун негизинен айыл чарба жана кайра иштетүү жаатында жазып, иштеп жатышат. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жалпысынан алганда Кыргызстанда үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлө социалдык келишим түзгөн.
Аталган долбоор төмөнкү тармактарды көбүрөөк камтыган:
69,6 пайызы айыл чарба тармагында. Булар мал, канаттуулар чарбачылыгы, багбанчылык, балчылык, күнөскана;
13,1 пайызы кайра иштетүү өнөр жайы азык-түлүк жана башка багыттарда. Негизинен тигүү, темир-бетон буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, жемиш кургатуу, эмерек цехин иштетүү;
7 пайызы соода тармагында иштеп жатышат. Алар чакан соода жүргүзүп, дарыкана ачышкан;
6,8 пайызы кызмат көрсөтүү боюнча. Алар: коомдук тамактануу кызматтары, такси, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, кондитердик өндүрүш, IT, сулуулук салондору, автодиагностикалык борборлор, массаж.
Жыл башында 2024-жылы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилери, буга мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнөрү айтылган.
Белгилей кетсек, "Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын турмуш-тиричилиги начар катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан бери ишке ашып келет.
Долбоор үч жылга эсептелген, бул аралыкта акча алган үй-бүлө жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы шарт. Мындан сырткары, ишкерликти кеңейтебиз деген бүлөлөр патент алып, салык төлөп турушса, 250 миң сомдон 1 миллион сомго чейин үстөксүз насыя ала алышат.