БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караган Тилекмат айылындагы кыш заводунун курулушун каржылаганын билдирди.
Маалыматта долбоордун жалпы баасы 6,5 миллион доллар экени айтылат. РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, завод бир суткада 200 миң кыш чыгарууга жөндөмдүү.
"Мындай көлөм Ысык-Көл облусунун сапаттуу курулуш материалдарына болгон муктаждыгынын 30 пайызын жабат. Бул Кыргызстандын курулуш тармагын күчөтүп тим болбостон маанилүү мамлекеттик программалардын ишке ашуусун тездетет. Азыркы тапта мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруу абдан маанилүү болуп турат", — деди Новиков.
Долбоордо заводдун курулушу эле эмес, курамында чопо менен кум басымдуулук кылган топурак казуу үчүн кареьерди иштетүү да каралган. Алдыңкы технологиялар чыгарылган продукциянын жогорку сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздамакчы.
"ИПК" МГрупп" ЖЧКсы куруп жаткан заводдо 90 жумуш орду болот. Бюджетке жылына 15 миллион сомго чейин каражат түшүп турары айтылды.