Москвада КМШдагы эл аралык коридорлорду жандандыруунун маанилүүлүгү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Москвада өтүп жаткан "Транспорт России" эл аралык форумунда Беларустун транспорт министринин орун басары Сергей Дубина КМШга кирген өлкөлөргө өз ара сооданы өнүктүрүүгө тиешелүү шарт түзүү боюнча чакырык жасады.
Анда эгер кызматташууда негизги ролду ойногон жол активдүү колдонулбаса, ал турганы менен эч ким каттабаса, кандай гана эл аралык коридор болбосун чөлгө айланып калары айтылды.
"Биздин максат — кандай гана эл аралык коридор болбосун, биз тушугуп жаткан геосаясий жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан аны жандандырышыбыз керек", — деген Дубина аталган форумдун пленардык отурумунда.
Форум менен көргөзмө дагы бир жолу тажрыйба алмашуу, жаңы чечимдерди сунуштоо, Россиянын жана КМШнын транспорт системасын андан ары өнүктүрүүнүн стратегияларын түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп калмакчы.
Иш-чаранын алкагында эл аралык көргөзмө да уюштурулуп, 22-ноябрга чейин өтмөкчү.
ЕАЭБ менен КМШ транспорт тармагында кызматташууну ниеттенүүдө