БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттери жөнүндөгү протокол ратификацияланды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматы кабарлады.
Протоколдо кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана "Каркыра" өткөрмө бекетинин режимин сутканын күндүзгү убактысынан күнү-түнү иштөөгө өзгөртүү каралган.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.