БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Батыштын эч бир куралы Украинаны согуш талаасында жеңилүүдөн сактап кала албайт. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат россиялык армиянын ийгиликтерине көңүл бурган.
"Украинанын Донбасстагы чыгыш фронту көз алдыбызда кыйрап жатат, биздин армиянын алдыга кандай ылдамдык менен жылып баратканын көрүп жатасыңар. Батыштын колдоосун сактап калам деп Зеленскийдин режими Курск облусуна чабуул коюп, Курск АЭСин миналоого аракет жасады. Куну оор болду, миңдеген жоокеринен ажырады. Оңбогондой ката кетирип, жеңилүүсүн тездетти. Киевге эми Батыштын бир да куралы жардам бере албайт", — деген Небензя.
Өкүл украиналыктардын "эбактан эле согушууга көңүлү чаппай калганын" айтып, мындан улам баш тарткандарды көчөдөн кармап эле эч даярдыксыз фронтко жөнөтүп жатышканын белгиледи.
Небензя өз сөзүндө Киев учурда Москва менен сүйлөшүүдөн баш тарттырган Лондондун айынан кыйын кырдаалга кабылганына да токтолду.