Бишкектин Чыгыш-5 районундагы бала бакча мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы 948 миллион сомго бааланган бала бакча мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, бакча мурда Фрунзедеги "СССРдин 50 жылдыгы" аталышындагы электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында турган. Аянты 2 800 чарчы метр болсо, жанаша жайгашкан жери бир гектардан ашкан.
"Бала бакча 1993-жылы социалдык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен "Ж" ААКсына жеке менчикке өткөрүп берилген. Ал эми 1999-жылы Б.К. аттуу жаранга сатылган, ал 2009-жылы белекке берүү келишими аркылуу өзүнүн жакын туугандарына өткөргөн", — деп айтылат маалыматта.
УКМК көрүлгөн чаралардын натыйжасында бала бакчанын менчик ээлери бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кайтарып беришкенин кошумчалады.
Токмокто дээрлик 6 млрд. сомдук завод мамлекетке кайтарылды