БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. G20 саммитине катышып жаткан Глобалдуу Түштүк мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү батыш өлкөлөрүнүн эл аралык институттарга терс таасир тийгизип жатканын белгилешти. Бул тууралуу Рио-де-Жанейро шаарындагы иш-чарада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
"Күн тартибиндеги ачкачылык, жакырчылык жана теңсиздикке каршы күрөшүүдөн тышкары глобалдуу институттарды реформалоо маселеси көтөрүлдү. Глобалдуу Түштүктөн келген делегациялардын басымдуу бөлүгү батыш мамлекеттеринин аталган структуралардагы терс таасирине токтолушту", — деди Лавров маалымат жыйында.
Эскерте кетсек, "жыйырмалык" лидерлеринин жыйыны Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 18-ноябрда башталып, бүгүн жыйынтыкталууда. G20 мамлекеттеринин өкүлдөрү жолугушуунун соңу менен декларация кабыл алышты. РФ президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен россиялык делегацияны ТИМ башчысы Сергей Лавров жетектеп барган.