БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Алыска атылуучу ракеталар Украина аркылуу Россияга каршы колдонулса, анда жаңжалдын маңызы түп-тамырынан өзгөрөт. Бул тууралуу РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова билдиргенин ведомствонун сайтына жарыяланды.
Ал Киев Россиянын тереңине алыска атылуучу ракеталар менен сокку урууга алган уруксаты азырынча расмий булактарга таянып айтылганы белгисиз экенин белгиледи. Бирок Киев режими жеңилери менен анын Батыштагы колдоочулары Россияга каршы жасалган гибриддик согушту ырбатары анык экенин кошумчалады.
“Бирок Зеленский жана анын жанындагылар сыйынып келген бир да курал атайын аскердик операциянын жүрүшүн өзгөртө албайт. НАТОнун куралын колдонууга чындап “уруксат берүү” тууралуу Владимир Путин так айткан. Ал Украина мындай соккуну НАТО өлкөлөрүнүн жардамысыз, спутниктерисиз өз алдынча жасай албастыгын так билдирген. Киев алыска атылуучу ракеталарды биздин аймакка учурса, анда бул Россияга каршы аскердик кыймылга АКШ менен анын шериктештери түзмө-түз катышканын түшүндүрөт. Мындан тышкары, бул жаңжалдын маңызын түп-тамырынан өзгөртөт. Россиянын жообу адекваттуу жана сезилерлик болот”, — деди Захарова.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Украинага ыраакка атылуучу ATACMS ракеталары менен Россиянын тереңдеги аймактарына сокку урууга уруксат бергенин New York Times америкалык администрациянын өкүлдөрүнө таянуу менен билдирген.