БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Тараптар кыргыз-орус эки тараптуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Соода-экономикалык кызматташуу, маданий байланыштарды чыңдоо жана миграция чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
“Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү маанилүү экенин белгилеп, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишенимин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Вакунов Россия бардык багыттар боюнча активдүү кызматташарын белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.