20-ноябрга карата аба ырайы

20-ноябрда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн республика аймагын ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 8…13, Талас жеринде 7…12, Нарын чөлкөмүндө 2…4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 10…15, Ысык-Көл облусунда 5…10 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 11…13, Ош шаарында 12…14 градуска жетет.
Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады