Өлкөдө акыркы жумаларда азыркы тапта курч респиратордук вирустук инфекция күч алып, ооруган бөбөктөр көбөйгөн. Акыркы бир жумада оору мурдагы жумаларга салыштырмалуу басаңдап, 4 миңден ашуун бала ооруп келген. Бүгүнкү күндө республика боюнча сасык тумоо менен ооругандар каттала элек. Бирок алдыңкы күндөрү суук болору болжолдонгондугуна байланыштуу сасык тумоо катталары күтүлүүдө. Бул үчүн дарыгерлер алдын алуу иштерин көрүп, учурда 35 миңден ашык адамга вакцина сайылды. Апта сайын вирустар, оорулардын пайда болушуна байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлүп турат. Бүгүнкү күндө вирустун төрт түрү менен адамдар ооруп жатканын “Ачык кеп” берүүбүздөн биле алдык.