Балдар жөнүндө кодексине ылайык, ден соолугуна зыян келтирген жана анын билим алуусуна же социалдык өнүгүүсүнө тоскоол болуучу жумуштарга баланы кабыл алууга, аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат. Бала ата-энесине 2 сааттан ашык эмес, оор нерсе көтөрбөй жардам берүүгө укугу бар. Ал эми 14 жаштан тартып эмгек келишими түзүлүп, ата-энесинин макулдугу менен ден соолугуна зыян келбеген жумуштарга иштесе болот. Иш берүүчү өспүрүмдүн окуусуна жолтоо болбой шарт түзүп, эмгек акысын сүйлөшүлгөндөй төлөп берүүгө милдеттүү. Көзөмөлдөө, алдын алуу үчүн рейд уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын башчысы Токтобек Чыбылдиев жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнүн башчысы Азем Урматов айтып беришти.