Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети эки өлкө жетекчилигинин макулдашуусу менен ачылган. Башкы максаты — эки элдин достук мамилесин андан ары карай өркүндөтүү. Учурда Бишкек филиалында жети факультет студенттерди окутуп жатат. Негизги багыты маалыматтык технология, IT, роботтоштуруу тармагы, юриспруденция, экономика-менеджмент, биология-биотехника, психология жана чет тилдер багыты боюнча билим беришет.
Окуу жай студенттердин теориялык эле эмес практикалык билимин да жогорулатуу үчүн Казакстандагы Аль-Фараби университетине да жиберип турушат. «Күн Башат» программасынын мейманы Жамин Шейшенов окуу жайдын алдыдагы планы, жасаган иштери жана дегеле билим берүү тармагы тууралуу кенен маек куруп берди.