БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров G20 саммитинде Россиянын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча иши тууралуу айтып бергенин РИА Новости Мария Захаровага шилтеме берип жазды.
Захарованын айтымында, министр жакырчылык менен ачарчылыкка арналган биринчи пленардык жыйында сүйлөгөн.
“Россия делегациясынын башчысы Бразилиянын ачарчылык жана жакырчылык менен күрөшүү боюнча Глобалдык альянс түзүү демилгесин колдоп, өлкөбүздүн өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо аракеттери жөнүндө айтып берди. Глобалдык өнүгүүдө БРИКСтин олуттуу салымын белгиледи”, — деп билдирген дипломат.
G20 лидерлеринин саммити 18-19-ноябрь күндөрү Рио-де-Жанейродо өтүүдө. Лавров Владимир Путиндин тапшырмасы менен Россия делегациясын жетектейт. Буга чейин Захарова билдиргендей, ТИМ башчысы теңсиздик, ачарчылык, жакырчылык, глобалдык институттарды реформалоо тууралуу пленардык отурумдарда сүйлөйт. Мындан тышкары, ал бир нече жолугушууларды өткөрөрү айтылган.
Бразилия G20 саммитине төрагалыгын 2023-жылдын 1-декабрында баштаган.