БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-ноябрда, “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашырууга арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак чокуларындагы жер тилкелери “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берилип, геологиялык жана экологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Тоо лыжа базасын куруунун биринчи этабын 2030-жылга чейин аяктоо пландалууда. Мында 60 чакырымдык лыжа трассасы жана алты асма жол курулат. Мындан тышкары, туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн мейманканалар, ресторандар, этношаарчалар, конференц-залдар, башка эс алуу аянтчалары камтылган комплекстүү инфраструктура түзүлөт.
“Президент Садыр Жапаров “Үч чоку” долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин айтты. Ал тоо лыжа кластерин түзүү — чет элдик инвестицияларды тартууга, калктын иш менен камсыздалышын жогорулатууга жана Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.
Долбоор Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусун камтыйт. Алар: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.
Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөрү күтүлүүдө. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, 850 миңге чейин турист бара алат.