БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Түркстанда 26-жолу өткөн “Казак романсиадасында” кыргызстандык катышуучулар ийгилик жаратканын “Русский дом” борборунан билдиришти.
Орус романстарынын жаш аткаруучуларынын эл аралык сынагы 16-17-ноябрь күндөрү өткөн. Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан 50дөн ашык аткаруучу катышты.
Кыргызстандык таланттарды концертмейстер Айбарчын Добулбекова коштоп барган. Биринчи сыйлыктын ээси — Асхат Байышов, экинчиси — Роман Чеснов, үчүнчүсү Сыймык Сатыбалдиев болду. Улан Асеков “Артисттик жана сүйкүмдүүлүк үчүн” дипломун алды.
Калыстар тобуна Бишкектеги “Русский домдун” маданият долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов кирди.
“Казак романсиадасы” — бай тарыхы бар сынак, ал чыгармачылыкка жол ачып берет. Жеңүүчүлөр чоң тажрыйба алып, өз өлкөлөрүндө алдыңкы артист боло алат. Мен муну конкурска бир нече жолу катышып, жеңишке жеткен адам катары айтып жатам. Катышуучуларга дагы бир жолу ийгилик каалайм, алардын ысымын дүйнөлүк сахнадан дагы угабыз деп ишенем”, — деди Воронцов.